Парламентке төрагалык үчүн кайрылуулар аяктады

Талапкерлер парламентте саясий фракциясы орун алган 4 партиядан көрсөтүлдү.

323304
Парламентке төрагалык үчүн кайрылуулар аяктады

Түркия Улуу Улуттук Парламентине төрагалык талапкерлигине кайрылуу процесси соңуна чыкты.
23-июнда башталып эми аяктаган кайрылууларга караганда 4 эл өкүлү төрагалык үчүн ат салышат.
Талапкерлер парламентте саясий фракциясы орун алган партиялардан көрсөтүлдү.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынан улуттук коргоо министри жана Сивас эл өкүлү Исмет Йылмаз, Жумурият элдик партиясынан, учурда парламенттин убактылуу төрагалыгын жүргүзгөн Анталья эл өкүлү Дениз Байкал, Улуттук кыймыл партиясынан Стамбул эл өкүлү Экмеледдин Ихсаноглу жана Элдердин демократиялык партиясынан Мерсин эл өкүлү Денгир Мир Мехмет Фырат Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы болуш үчүн кайрылышты.
Шейшемби күнү боло турган алгачкы эки турдан майнап чыкпай калса үчүнчү жана төртүнчү турлар, 1-июль шаршемби күнү болот.
Алгачкы эки добуш берүүдө мүчө санынын толук санынын үчтөн экиси болгон 367 добуш, үчүнчү добуш берүүдө болсо толук сандын жарымынан көбү болгон 276 добушка жетишилиши керек.
Үчүнчү добуш берүүдө да төрага шайланбай калса, эң көп добуш алган эки талапкер төртүнчү турда эң көп добушка ээ болуш үчүн ат салышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар