БУУнан Түркияга сыйлык

БУУнан Түркияга коомдук тейлөө сыйлыгы

319682
БУУнан Түркияга сыйлык

Түркия БУУнун жалпы дүйнөгө берген сыйлыктарынан "Коомчулукту тейлөөнү өнүктүрүү" категориясында биринчи болду. БУУ Коомчулукту тейлөө формунун негизинде 18 өлкөдөн 22 мекеменин арасында сыйлыкка ылайык көрүлгөн өлкөлөр билдирилди. Ушуга караганда Түркия апаат жана чукул абалдар төрагалыгы жана Апаат жана убактылуу шаардык башкаруу системасы проектиси менен "Коомдук тейлөөнүн өнүктүрүлүшү" категориясында  биринчилик сыйлыгына ылайык көрүлдү. 

Колумбиянын үй ээлигинде өткөрүлгөн сыйлык берүү аземинде жалпы дүйнөдөн министрлер жана жогорку мартабалуу бюрократтар да болгон 800 катышуучу орун алды. Ар башка категориялардын арасында каралган проектилердин арасында Таиландда кыйын кош бойлуулук өткөргөндөрдүн саламатытк сактоо кызматтарынан дагы оңой пайдалануусу, Түштүк Кореяда  жакыр кишилерге күн энергиясынын берилиши жана Эфиопияда турак жай салуу сыяктуу проектилер орун алды. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар