Давутоглу Рамазан айы боюнча каалоосун айтты

Давутоглу алгачкы теравих намазын Анкарада Дин иштери башкармалыгындагы «Ахмед Хамди Аксеки» мечитинде окуду.

308278
Давутоглу Рамазан айы боюнча каалоосун айтты

Премьер-министр Ахмет Давутоглу алгачкы теравих намазын Анкарада Дин иштери башкармалыгындагы «Ахмед Хамди Аксеки» мечитинде окуду. Намазды дин иштери башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмез кылдырды.
Мечиттен чыгып жатканда Давутоглу: «Рамазан айынын бүтүндөй өлкөбүзгө, улутубузга, Ислам дүйнөсүнө, адамзатка пайдалуу болушун тилеймин» деген каалоосун айтты.
Премьер-министр Рамазан жарыясында тууган аймактардагы мусулмандарды да унуткан жок. Давутоглу: «Биз Рамазанды жашап жатканда Сирияда, Йеменде, Ливияда, Египетте жана башка бир топ өлкөдө ички баш аламандыктардын себебинен Рамазанды чыныгы түрдө жашай албаган туугандарыбыз бар экендигин унутпашыбыз керек. Бул Рамазандын тууган элдер үчүн тынчтык, кечиримдүүлүк жана мээримдүүлүк алып келишин каалайбыз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар