Демирел үчүн көңүл айтуу
Жемил Чичек : «Баарыбыздын бул турмуштан сабак ала турган үлгүлөр бар. Абдан чоң жоготуу»,- деди
307138
9 - президент Сүлейман Демирел каза болгондон кийин башта саясатчылар болуу менен бир топ киши көңүл айтышты.
Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Жемил Чичек : «Баарыбыздын бул турмуштан сабак ала турган үлгүлөр бар. Абдан чоң жоготуу»,- деди.
Премьер – министр Ахмет Давутоглу да социалдык медиа аркылуу жарыялаган кабарында : «Өзүнө таандык методу жана узун саясий турмушунда өлкөбүзгө берген кызматы менен эскериле турган саясатчы»,- деди. Давтуоглу кабарында Сүлейман Демирелдин жакындарына жана түрк калкына көңүл айтты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да социалдык медиа аркылуу берген маалыматында 9 - президент Сүлейман Демирелдин үй – бүлөсүнө көңүл айтты.