Түрк басма сөзү-10.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

300082
Түрк басма сөзү-10.06.2015

«Стар» гезити «Иш дүйнөсү ырааттуулуктун уланышын каалайт» аттуу маалыматында иш дүйнөсүнөн Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Жумурият элдик партиясы, Улуттук кыймыл партиясы жана Элдердин демократиялык партиясына жасалган чакырыктарда, «13 жылдан бери уланып келе жаткан экономикалык саясаттарды үзүгүлтүккө учуратпастан, ырааттуулук жана коопсуздукту уланта турган коалиция күтүүдөбүз»-делгенин жазган.
Гезит Түркиянын соода палаталары жана биржалар биримдиги (TOBB) баштаган биримдик, коом жана палата башчыларынын жарыяларында, ырааттуулктун уланышын талап кылышканын баяндаган.
Гезит Түркиянын соода палаталары жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу: «Белгисиздик өлкөбүз үчүн оң болбойт. Бардыгыбыз бир кемеде экендигибизди унутпай, макулдашуу менен чогуу иштеп, диалог жана бирдиктүү акыл менен бардык маселерибизди жеңип чыгабыз»-деп айтканын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Түштүк Африкага GAP модели» аттуу маалыматында Түркиянын Түштүк Чыгыш Анадолу долбоорунун (GAP) алкагында суунун үнөмдүү колдонулушундагы тажрыйбалары Түштүк Африка өлкөлөрүнө модель болоорун белгилеген.
Гезит Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана талаа чарба уюму (GAP) жол башчылыгында Марокко, Уганда жана Буркина-Фасодон келген 25 кишилик жогорку инженер тобуна Шанлыурфада бир жума бою Республика тарыхынын эң чоң долбоору абалындагы GAP түшүндүрөлөөрүн маалымдаган.
Анда GAPтын тажрыйбалуу координаторлору Африка өлкөлөрүндө талаа аянттарын сугарууда түшүмдүүлүк жана өндүрүмдүүлүктүн арттырылышы иштеринин алкагында тажрыйбаларын теориялык жана ишке ашыруу түрүндө бөлүшөөрүн баяндаган.
«Миллийет» гезитинде жарык көргөн «Резидор «Park Inn» Түркияда» аттуу макалада дүйнөнүн алдыңкы мейманкана чынжырларынан Карлсон Резидор «Park Inn» маркасын Түркияга алып чыкканы орун алган. Анда «Park Inn by Radisson Стамбул Ататүрк аэропорт» мейманканасы тейлөөгө ачылганын, Карлсон Резидор мейманкана тобунун Орто Азия жана Түркия боюнча аймактык төрагасы Марк Уиллис Стамбулдагы инвестицияларына жаңысын да кошкондорун белгилеп, марканын Түркияда өнүгүшү үчүн чоң потенциял көргөндөрүн баса белгилегени орун алган.
«Хүррийет» гезити «Түркия укканым сыяктуу кооз экен» деген маалыматында Кардашяндардын эң жаш мүчөсү Кендалл Женнер кечээ Антальяда уюштурулган Dosso Dossi Fashion Show алкагында подиумга чыкканын жазган. Гезит Дефиледе баш модель катары кызмат кылган Женнер, цирк темалуу подиумда төрт башка кийимди таанытканын жана маалымат жыйынында да, «Түркияга алгач ирет келишим. Абдан кооз өлкө болгонун мурда досторуман укчумун. Чындап эле айткандары сыяктуу кооз экен»-дегени орун алган.
«Хабер түрк» гезити «Дүйнө жүзү жактырган түс: көк» аттуу маалыматында 4 материкте 10 өлкөдө жасалган изилдөөдө, адамдардын эң көп жактырган жана жылуу деп кабыл алган түстүн «көк» экендиги ортого салынганын белгилеген.
Гезит адамдардын 20 пайызынан ашыгы көктү эң көп жактырган түс катары белгилесе, экинчи орунда кызыл, үчүнчү орунда болсо сыя көк түс орун алганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар