Тышкы иштер министри Сауд Арабстандагы кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында Сауд Арабстан калкына жана мекемелерине көңүл айтылып, жаралуулардын бат айыгып кетүүлөрү кааланды

285599
Тышкы иштер министри  Сауд Арабстандагы кол салууну айыптады

Түркия Сауд Арабстанда шииттер көп болуп жашаган Катиф облусунда бир мечитке жасалган жан кечтилик кол салууну айыптады.
Тышкы иштер министрлигинен тема тууралуу жасалган маалыматта Сауд Арабстандын Катиф аймагында бир мечитке жума намазы учурунда жасалган, көп сандаган кишинин каза болушу жана жаралануусуна жол ачкан террордук кол салуунун катуу айыпталганы белгиленди. Маалыматта кол салууда каза болгондордун жакындарына жана Сауд Арабстан калкына жана мекемелерине көңүл айтылып, жаралуулардын бат айыгып кетүүлөрү кааланды. Сауд Арабстан менен террор менен күрөшүүдө тилектештик ичинде экенин баса белгиленген маалыматта бул өлкөнүн коопсуздук жана ырааттуулугуна күчтүү колдоонун кайталанганы белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар