Чавушоглу Сеулда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралия биригип түзгөн MIKTA группасынын 5 - тышкы иштер министрлер жыйыны үчүн Сеулда

283858
Чавушоглу Сеулда

Түркия да араларында болгон аймагында таасирдүү 5 өлкө МИКТА деп аталган 5 - тышкы иштер министрлеринин жыйыны Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулда өткөрүлүүдө. Максат кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүү, дүйнөнүн тынчтыгы үчүн маселелерге альтернатив чечүүчү жол табуу.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралия биригип түзгөн MIKTA группасынын 5 - тышкы иштер министрлер жыйыны үчүн Сеулда.
Чавушоглу жыйындан мурда президент Пак Гин Хе менен жолугушту жана кесиптешинин MIKTA тышкы иштер министрлеринин берген сый тамагына катышты.
Австралия жана мексикалык кесиптештери менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн Чавушоглунун күн тартибинде өлкөлөр аралык карым – катнаштар менен аймактык жана глобалдык абалдар да орун алды. Сүйлөшүүлөрдө айрыкча эл аралык террор жана качкындар маселелери да каралды. MIKTA жыйынында мүчөлөрдүн арасындагы сооданын өстүрүлүүсү макстында да иш форуму өткөрүлөт.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар