Эрдогандын Босния – Герцеговина сапары
Р. Т. Эрдоган Сараеводо президенттик кеңешинин мүчөлөрү менен жекеме – жеке жана делегациялар аралык жыйын өткөрдү
282184
Президент Р. Т. Эрдоган расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Босния – Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо президенттик кеңешинин мүчөлөрү менен жекеме – жеке жана делегациялар аралык жыйын өткөрдү. Эрдоган жыйындан кийин өткөрүлгөн биргелешкен жыйында сүйлөгөн сөзүндө : «Мен үчүн Египеттин президенти зомбулукчу Сиси эмес, Мурси»,- деди.
Египетте калктын добушу менен президент болуп шайланган, бирок андан кийин аскердик зомбулук менен кызматынан алыстатылган Мухаммед Мурсиге берилген өлүм жазасына каршы чыккан Эрдоган : «Европа Биримдигине өлүм жазасына тыюу салынган. Европа Биримдигинде өлүм жазасына тартууга тыюу салынган болсо Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр эмнеге үнүңөрдү чыгарбайсыңар?»,- деди.