Кабарчылык тармагында жаңы бир дүйнө маркасы жаралууда

TRT WORLD тест берүүлөрүн баштады

280513
Кабарчылык тармагында жаңы бир дүйнө маркасы жаралууда

Каналдын түшүнүк жана көз карашы вице – премьер Ялчын Акдоган катышкан жыйын менен таанытылды. Акдоган жыйында : «TRT WORLD Түркиянын кабарларын дүйнөгө билдирет»,- деди. Ялчын Акдоган буларды айтты : «Газада бомба жаадырылган балдар да адам. Сирияда өлтүрүлгөн 300 миң киши да адам. Египетте зомбулук менен кулатылган калк шайлаган саясатчылар, президенти да адам. Адамды көрүүнү, угууну ойлобогон бир түшүнүк бар. TRT WORLDдын аткаруусу келген нерсе кайрадан инсандыкты эске салуу». TRT WORLD эл аралык кабар каналдары менен атаандашат. Канал Вашингтон, Лондон жана Куала Лумпур сыяктуу дүйнө борборлорунда курулган студиялардан түз эфирге чыгат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар