Кызылайдан түркмөндөргө жардам

Түрк Кызылайы Иракта ДЕАШтын зомбулугунан качкан 500 түркмөн үй – бүлөгө азык – түлүк жардамын берди

276988
Кызылайдан түркмөндөргө жардам

Кызылай тобу Духок жана Көйсанжак аймагында үйлөрдө жашап жаткан түркмөндөргө ичинде томат, туз, шекер жана суюк май болгон азык – түлүк кутуларын таркатты. Жардам алган үй – бүлөлөр кайрымдуу Түркия калкына жана Кызылай тобуна рахмат айтты. Кагылышуулар башталган 2014 - жылдын июнь айынан бери Иракта иш алып барган Түрк кызылайы ушул күнгө чейин 200дөн ашуун тройлер менен гуманитардык жардам жеткирди.
Кызылай тобу азык – түлүк, жууркан, төшөк, кийим – кече, килем жана чатыр жардамдары менен миңдеген баш калкалоочунун чукул жардам муктаждыгын камсыз кылды. Түрк Кызылайы азыркы учурда Ирак Кызылайы жана аймактагы жарандык коом мекемелери менен жардамдарды координациялуу түрдө таркатууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар