Чанаккале согуштары оюн болду

Чанаккале согуштарын оюн катары виртуалдык чөйрөдө көрүүгө болот

277320
Чанаккале согуштары оюн болду

Жаштык жана спорт министрлиги уюлдук телефон жана планшет колдонуучулары үчүн Чанаккале согуштарын оюн катары чыгарды. Оюнга согуштун тагдырын өзгөрткөн Нусрет Майын кемесинин аты берилди. НУСРАТ аттуу оюн 3Д жана Чанаккаледе жетишилген жеңиш дал ошондой берилген. 

Чанаккале кысыгына мина жайгаштыруу менен башталган оюнда оюнчулар Нусрет майын кемеси менен 26 минаны союздаш мамлекеттердин жарыктандыруучу панарларына кармалбастан кысыктын түрдүү аймактарына жайгаштырууга аракет кылышат. 

НУСРАТтын кийинки баскычында болсо  оюндун каарманы Сейит онбашынын жардамы менен осмондук замбирекчилери союздаш мамлекеттерге ок атышат. Кургактыктагы согуштар да орун алган оюнда Седдүлбахирде душмандын чабуулуна тоскоол болууга аракет кылынат. Бардык  оюндардан ийгиликтүү өткөндөр Чанаккале согушунда болгондой жеңишке жетишет. 25 -  апрелде биринчи болуп андроидге киргизилген оюнга кыска убакта 100 миң жолу кирилип жана виртуалдык маркеттерде дүйнөлүк тизмеде биринчи онго кирди. НУСРАТка Түркия тышынан да абдан чоң кызыгуу көрсөтүлүүдө. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар