Газиантепте эл аралык университет курулат

Түркияда жашаган сириялыктардын билим берүү маселелерин чечүү үчүн Газиантепте эл аралык университет курулаары билдирилди.

274047
Газиантепте эл аралык университет курулат

Газиантепте Түрк-Катар Эл аралык университет курулат.
Улуттук билим берүү министри Наби Авжы Түркиянын түштүк областтарында жашаган сириялыктардын билим алуусу үчүн айрым программаларды өзгөрткөндөрүн айтты.
Авжы Түркияда жашаган сириялыктардын билим берүү маселелерин чечүү үчүн Газиантепте эл аралык университет курулаарын айтты.
Өлкөсүндөгү жарандык согуштан качып Түркияга баш калкалаган сириялыктар үчүн мектептерди ачкандарын баса белгилеген Авжы, бул мектептерде окуган сириялыктарга Сириянын билим берүү программасын ишке ашыргандарын айтты.
Министр Авжы жумасына беш саат түркчө билим алган сириялык балдардын түрк тилин өтө тез үйрөнгөндөрүн белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар