Эрдоган маанилүү маалыматтарды берди

Түрк экеономикасынын оң белгилерди бергенин айткан Эрдоган, өнөр жай өндүрүшүндөгү өсүүгө көңүл бурду.

271285
Эрдоган маанилүү маалыматтарды берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сирияда Асад режими күчүн жоготконун айтты.
Эрдоган: «Сирияда ушул убакта оппозициячылдар күн өткөн сайын күчтөнүүдө. Оппозициячылдардын күчтөнүшүндө аймактагы дос өлкөлөрдүн аларды колдогону шексиз»-деди.
Эрдоган Германия жана Бельгияга жуманын акырында жасаган сапарынан кайтып келе жатканда, учакта журналисттерге маанилүү маалыматтарды берди.
Президент Эрдоган Германия жана Бельгия сапарларында көп улуттуу мекендештерден турган эл массасына кайрылгандыгы үчүн ыраазы болгонун айтты.
Түрк экеономикасынын оң белгилерди бергенин айткан президент, өнөр жай өндүрүшүндөгү өсүүгө көңүл бурду.
Президент ырааттуулктун жана коопсуздуктун Түркияны тартуучу аянтка айландыра турганын белгилеп, «Эл аралык инвесторлор өзгөчө ырааттуулкка жана коопсуздукка чуркап жатышат»-деп айтты.
Англиядагы шайлоолорго да сереп салган Эрдоган, жеңилген саясий партиялардын лидерлеринин кызматын таштоолору дүйнө саясаты жагынан алганда үлгү болоорун белгилеп кетти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар