Катардын тышкы иштер министри Атиййе Түркияга келет

Чавушоглу менен Атиййенин арасында өткөрүлө турган жолугушууларда аймактык маселелер да каралат

266066
Катардын тышкы иштер министри Атиййе Түркияга келет

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана катардык кесиптеши Халид ел – Атиййенин жетекчилигиндеги делегация Жогорку Стратегиялык Комитеттин даярдыктарынын алкагында жуманын акырында Түркияда жолугушат. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта жыйында Жогорку Стратегиялык Комитеттин составына кирген кызматташтык тармактарындагы азыркы абалга баа берилип жана күн тартибиндеги келишимдердин кол коюуга даяр абалга келиши жана проектилердин ишке ашырылуусу жагдайында пикир алышуулардын болушу белгиленди. Маалыматта Чавушоглу менен Атиййенин арасында өткөрүлө турган жолугушууларда аймактык маселелердин да каралары белгиленди.
Жогорку Стратегиялык Комитет президент Р. Т. Эрдоган жана Катардын эмири Шейх Темим бин Хамад Ал Санинин ортосунда 2014 - жыл 19 - декабрь күнү кол коюлган Биргелешкен Макулдашуу документи менен курулган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар