Түркия эң көп жардам көрсөткөн өлкөлөрдүн башында турат
Эрдоган 12-Эл аралык коргоо өнөр жайы жарманкесинин ачылышында сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган ырааттуулук жана коопсуздук чөйрөсүндө өнүгүп өскөн Түркиянын өз аймагында үмүт булагына айланганын айтты.
Эрдоган: «Аймагыбыздагы бардык жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүдөбүз. Биз эң көп жардам көрсөткөн өлкөлөрдүн башында турабыз»,-деди.
İDEF-2015 12-Эл аралык коргоо өнөр жайы жарманкесинин Стамбулдагы ачылышында сөз сүйлөгөн президент Эрдоган Сириядагы кагылышуулар башталган күндөн тарта Түркияга баш калкалаган сириялыктарга көрсөтүлгөн жардамдардын көлөмү 5,6 миллиард долларга жеткенин сөз кылды.
Эрдоган: «Биз ачык каалга саясатын жүргүзүп жатканда, башка өлкөлөр көңүл каалгаларын жана чек ара каалгаларын да жаап салган абалда»,-деди.
Жер ортолук деңизиндеги качкындар маселесине үн катпаган өлкөлөрдү да сындаган Эрдоган: «Жер ортолук деңизинин толкуган суулары кагылышуудан качкан миңдеген баланы жутту»,- деп айтып, Европаны качкындар маселесин чогуу чечүүгө чакырды.
Ачылыштагы сөз сүйлөөсүндө улуттук өнөр жай тармагында Түркияны тышка көз каранды болуудан толугу менен куткаруу максатын да баса белгиледи. 12-Эл аралык коргоо өнөр жайы жарманкеси İDEF, коргоо өнөр жайы менен түздөн-түз жана кыйыр түрдө байланышкан бардык өнөр жай тармактарын камтууда.
Эл аралык коргоо өнөр жайы жарманкеси катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда достук жана кызматташууну өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноодо.
Жарманке 8-майга чейин созулат.