Эрдоган Кувейтте

Президент Эрдогандын сапарында кызматташуулардын өнүктүрүлүшү темасында мүмкүнчүлүктөр каралат.

252898
Эрдоган Кувейтте

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кувейтте.
Президент Эрдоган кечээ кечинде Кувейтте эмир шейх Сабах аль- Ахмед аль-Жабир аль-Сабах тарабынан салтанаттуу азем менен тосулду.
Кувейттеги жолугушууларынын экинчи күнүндө Эрдогандын тыгыз программасы бар. Эрдоган эң оболу кувейттик ишкерлер менен жолугушат. Андан соң эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт. Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар менен катар аймактык темалар да каралат.
Йемен жана Сириядан баштап күн тартиптеги ар түрдүү темаларга байланыштуу пикир алмашылат. Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн делегацияларынын ортосунда да жолугушуу өтөт. Бул жолугушуулар менен аймактык маселелердин алдын алуу иш-чараларынын күчтөндүрүлүшү максатталууда.
Тараптар айрыкча соода, курулушчулук кызматтары жана коргоо өнөр жайы тармагындагы кызматташуулардын дагы да өнүктүрүлүшү темасында мүмкүнчүлүктөргө баа беришет.
Президент Эрдоган кечинде Түркияга кайтат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар