Ирактын президенти Анкарада

Фуад Масум Анкарада биринчи болуп маволейди зыярат кылды

245609
Ирактын президенти Анкарада

Ирактын президенти Фуад Масум президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен келген Анкарада биринчи болуп маволейди зыярат кылды.
Ататүрктүн мавзолейине гүл чамбар коюп, эскерген Масум мавзолейдин атайын дептерине кол жазмасын калтырды. Масум : «Иран калкы Түркиянын саясий, экономикалык жана башка тармактардагы ийгиликтери менен өнүгүүсүнө суктанат. Бул үчүн заманбап Түркиянын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктү эскерүүгө мажбурбуз»,- деп жазды.
Президент Р. Т. Эрдоган кесиптешин президенттик сарайында расмий салтанат менен тосуп алат. Жекеме жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин Эрдоган менен Масум биргелеше пресс жыйын өткөрөт. Эрдоган конок президенттин урматына түшкү тамак берет. Масум Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Жемил Чичек менен делегациялар аралык сүйлөшүүгө катышат андан кийин премьер – министр Ахмет Давутоглу менен да жолугушат. Ирактын президенти эртең Стамбулда Чанаккале согуштарынын 100 – жылын эскерүү иш чараларынын негизинде өткөрүлө турган тынчтык саммитине да катышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар