Эрдоган сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү

Эрдоган: «Азиз Пайгамбардын жолунан туура ээрчигенде, Ислам чөлкөмүндө мынчалык зулумдуктар болбойт эле».

241279
Эрдоган сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү

Эрдоган мусулмандар ырайымдуу Пайгамбарынын жолун, изин кайрадан таба тургандарын айтты.
Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн «Биз аны аябай сүйдүк, Сиери Неби» аттуу сынактын сыйлык тапшыруу аземинде жаштарга кайрылды.
Ислам дүйнөсүндөгү маселелерге токтолгон Эрдоган: «Иракта, Сирияда мусулман мусулманды өлтүрүп жатат. Жалгыз айырмачылыктары секта. Биздин динибиз Ислам. Белгилөөчү катары Исламды алсак бул жолдон адашуулардан кутулабыз»-деди.
Ислам дүйнөсүнүн бир тууган урушун башынан өткөрүп жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Жасалма чек аралар, бөлүнгөн жүрөктөр, зым торлор менен ажыратылган рухтар, Ислам дүйнөсүн куурчап алган абалда»-деди.
Эрдоган мусулмандардын пайгамбарларынын билдирүүлөрүн кайра туура үйрөнүп, Анын жолунда маселелерин сөзсүз чече тургандарын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар