Түркиянын президенти Эрдоган Казакстанда

Президент Эрдоган Казакстанда расмий жолугушууларды өткөрүүдө.

237859
Түркиянын президенти Эрдоган Казакстанда

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий иш сапары менен барган Казакстандын борбору Астанада президент Нурсултан Назарбаев тарабынан салтанаттуу тосулуп алынды.
Эрдоган менен Назарбаев андан соң «Акорда» мамлекеттик сарайында өз алдынча жолугушууларды өткөрүштү.
Түркия-Казакстан Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин экинчи жыйынына жетекчилик кыла турган эки лидер, жыйындан кийин макулдашылган темалардагы келишимдерге кол коюу аземине катышып, андан соң биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.
Президент Эрдоганды сапары убагында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз, азык-түлүк, айыл чарба жана мал-чарбачылык министри Мехди Экер, маданият жана туризм министри Өмер Челик, улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз, транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Феридун Билгин, экономика министри Нихат Зейбекчи жана көп сандаган ишкерлер коштоп жүрүшөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар