Түркия Египеттеги сот өкүмүнө каршылык көрсөттү

Түркия Египеттеги тобу менен жазалоо боюнча сот өкүмүнүн эл аралык стандартка жатпаганын билдирди.

234155
Түркия Египеттеги сот өкүмүнө каршылык көрсөттү

Түркия, Египетте соккуга каршы чыккан 14 кишинин өлүм жазасына жана 37 кишинин өмүр бою абак жазасына байланыштуу тобу менен жазаландыруу өкүмүн айыптады.
Тышкы иштер министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Египетте 2013-жылдын июль айынан бери саясий мүнөздөгү сот процессинин натыйжасында берилген жазалардын акыркы алкагын түзгөн 14 кишинин өлүм жазасына жана 37 кишинин өмүр бою абак жазысына байланыштуу тобу менен жазаландыруу өкүмүн айыптайбыз» деп айтылды.
Анда мурдагы мисалдар сыяктуу эл аралык стандарттарга жатпаган сот жараянынын акырында чыккан бул өкүмдөрдүн Египетте туруктуу коомдук тынчтык жана ырааттуулукка салым кошпой турганы ачык экендигин белгиледи.
Египетте Мусулман агайындар уюму Ихвандын башкаруу кеңешинин төрагасы Мухаммед Бедии менен 13 Ихван башкаруучусунун өлүм жазасына жана 37 кишинин өмүр бою абак жазасына тартылышы боюнча өкүм чыккан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар