Эрдоган менен Наваз Шариф Йемен тууралуу сүйлөштү

Эрдоган менен Шариф Йемендеги начарлап бараткан абалдын тынчтыкчыл жолдор менен чечиле алуусу үчүн аракетти күчөтүүгө чечим чыгарышты.

233935
Эрдоган менен Наваз Шариф Йемен тууралуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф менен телефон аркылуу байланышып Йемендеги абал тууралуу сүйлөшүү өткөрдү.
Исламабадда премьер-министрлик кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясына ылайык, Жакынкы Чыгыштагы абал туурасында пикир алмашкан Эрдоган жана Шариф, Йемендеги начарлап бараткан абалдын тынчтыкчыл жолдор менен чечиле алуусу үчүн аракетти күчөтүүгө чечим чыгарышты.
Телефондогу сүйлөшүүдө айрыкча хусилердин Йемендеги мыйзамдуу өкмөттү кулатуу укуктары болбогону жөнүндө бирдей көз карашта болгон эки лидер, Сауд Арабиянын жеринин бүтүндүгүнүн бузулган учурунда биргелеше күчтүү каршылык көрсөтө тургандарын баса белгилешти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар