Түркия Кениядагы университетке кол салууну айыптады

Эрдоган : «Түркия катары Кения калкынын кыйынчылыгын бөлүшүп, кол салууну катуу айыптайбыз жана наалаттайбыз»,- деди

223614
Түркия Кениядагы университетке кол салууну айыптады

Кениянын Сомали чек арасындагы Гарисса университетине кечээ Ешшебаб мүчөсү террористтер тарабынан жасалган кол салууда каза болгондордун саны 147ге жетти. Каза болгондордун көпчүлүгү студенттер. Окуяда 70тен ашуун студент да жараланды. Коопсуздук күчтөрүнүн көп сандаган киши барымтага алынган имаратка жүргүзгөн операциясында жарылуучу заттар менен толтурулган кийимдерди кийген 4 кол салуучу өлтүрүлдү.
Президент Р. Т. Эрдоган окуяны катуу айыптады. Президент Эрдоган маалыматында : «Түркия катары Кения калкынын кыйынчылыгын бөлүшүп, кол салууну катуу айыптайбыз жана наалаттайбыз»,- деди.
Түркиянын Африка мүйүзүндө коопсуздук жана ырааттуулукту түзүүгө карата аракеттерди колдоону улантарын белгилеген президент : «Биз террордун дининин жана улутунун болбой турганы боюнча аң – сезим менен Кения калкы жана өкмөтү менен бул кайгыны бөлүшөбүз жана тилектештик ичиндебиз»,- деди. Тышкы иштер министрлиги да кол салууну айыптады. «Бир билим берүү мекемесин жана келечекти кура турган жаштарды бутага алган кол салуу террордун аёсуз жүзүн дагы бир жолу көрсөттү»,- деп айтылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар