Президент Эрдоган Словакияда

Эрдоган Түркиянын эми өзгөрүүдө болгонун айтып, президенттик системанын керектүүлүгүн баса белгиледи.

289140
Президент Эрдоган Словакияда

Словениядагы жолугушууларын аяктаган президент Режеп Таййип Эрдоган үч өлкөнү камтыган Европа турунун экинчи аялдамасы болгон Словакияга өттү.
Братиславада коно турган мейманкананын алдында жүздөгөн түрк жарандары тарабынан тосулган президент Эрдоган, Түркиянын эми өзгөрүүдө болгонун айтып, президенттик системанын керектүүлүгүн баса белгиледи.
Эрдоган бул үчүн жалпы шайлоо өткөрүү белгисин берип, же 400 эл өкүлү менен Парламентте чечиле турганын же болбосо референдум өткөрүлүп бул иштин чечиле турганын айтты.
10-августтагы президенттик шайлоодо Европадагы жарандардын катышуусу 25 пайыз болгонун белгилеген президент, 7-июнда дагы көп катышуу керектигине көңүл бурду.
Сөзүндө, «Түркиянын күрт маселеси жок»-деп айткан президент, биримдик жана ынтымак белгисин берди.
Эрдоган бүгүн борбор калаа Братиславада Словакиянын президенти Андрей Киска менен жолугат. Өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки президент биргелеше маалымат жыйын өткөрүшөт.
Түшкү тамактан кийин президент Эрдоган ишкердик форумуна катышат.
Президент айрыкча Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо жана Улуттук кеңештин төрагасы Петр Пеллегрини менен жолугушат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар