Түркия Ооганстанды колдоосун улантууда
Түрк кызмат күчүнүн командирлиги Паншир коктусунда февраль айында болгон көчкүдө жабыр тарткан элге материалдык жардам жеткирди.
Ооганстанда кызмат өтөгөн Түрк кызмат күчүнүн командирлиги борбор шаар Кабулдун түндүгүндөгү Паншир коктусунда февраль айында болгон көчкүдө жабыр тарткан элге материалдык жардам жеткирди.
Түрк аскери билим берүүгө колдоо көрсөтүүнүн алкагында болсо жаңы билим берүү-окутуу жылынын алдында Ооганстандагы Түрк кызмат күчүнүн командирлигинде иштеген афган кызматкерлерге окуу эмеректерин тапшырды.
Афганстанда 2009-жылы болгон кырсыкта шейит болгон штаб полковниги Фарук Сунгурду эскерүү үчүн салынган кыз лицейи менен ошол эле кырсыкта шейит болгон адис сержант Мевлүт Байдур үчүн салынган башка бир лицейдин оңдолушу да түрк аскерлери тарабынан жасалды.
Тектеш кабарлар
Глобалдык нөл калдык жакшы ниет декларациясы
АКШга барган Эмине Эрдоган Жеффри Саксты Нью-Йорктогу Түрк үйүндө тосуп алды.