Зейбекчинин Татарстан автоном республикасына жасаган сапары
Зейбекчи менен Минниханов химия заводунун ачылышына катышты
284969
Экономика министри Нихат Зейбекчи Татарстанда Татарстандын президенти Рүстем Минниханов менен Түркия – Татарстан иш форумуна катышты. Форумда түрк ишкерлерине кайрылган Зейбекчи : «Билим берүүдөн туризмге, информация технологиясынан машина химияга чейин ар тармакта Татарстанда инвестиция сала аласыздар»,- деди.
Татарстандын президенти Рүстем Минниханов да Түркиянын Татарстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп :«Кризис сиздерди коркутпасын. Албетте кыйынчылыктар бар. Бирок бардык проектилерди турмушка ашыруудабыз»,- деди. Түрк ишкерлери тарабынан Татарстанда салынган инвестицияларды иликтеген Зейбекчи менен Минниханов 150 миллион долларлык инвестиция менен турмушка ашырылган химия заводунун ачылышына катышты.