Серб согуштук кылмышкери

Дуско Дабетиждин Анталья аэропортунда жасалма күбөлүк менен кармалганы билдирилди

285325
Серб согуштук кылмышкери

Кызыл бюллетен менен изилденген серб согуштук кылмышкер Антальяда кармалды. Интерпол бүткүл дүйнөдө издөө салган серб согуштук кылмышкери 64 жашындагы Дуско Дабетиждин Анталья аэропортунда жасалма күбөлүк менен кармалганы билдирилди. Алынган маалыматка караганда окуя өткөн жылы ноябрь айында Анталья аэропортунун тышка учуу терминалында кезектеги күбөлүк жана паспорт текшерүүсү учуунда бир кишинин күбөлүгүнүн жасалма экени белгиленүүсү менен ортого чыкты. Жасалган иликтөө жасалма күбөлүк колдонгон кишинин серб согуштук кылмышкери Дуско Дабедиж экенин ортого чыгарды. Жашап жаткан мейманкада камоого алынып сотко өткөрүлгөн Дабетиж андан кийин Анталья L тибиндеги абакка жиберилди. Дабетиждин андан кийин жазасын алуу үчүн Босния – Герцеговинага тапшырылары белгиленди. Интерполдун интернет сайтындагы изилденгендер бөлүмүндө да аты орун алган Дабетижтин жарандарга каршы согуштук кылмыш кылуу кылмышы менен изилденгени билдирилди.
1992 - 1995 - жылдардын ортосунда Босния – Герцеговинада болгон согушта сербдер тарабынан бошяктарга бүткүл дүйнөнүн көз алдында жасалган кыргында 312 миң киши каза болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар