Жакынкы мезгилде Европада исламофобияга каршы иш-чара жүргүзүлөт

Дин иштери боюнча төрага Гөрмез исламофобияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп, ислам дининин кызмат сапаты күчөтүлө турганын айтты.

278093
Жакынкы мезгилде Европада исламофобияга каршы иш-чара жүргүзүлөт

Дин иштери боюнча төрага Мехмет Гөрмез: «Европада ислам биринчи орундагы күн тартип беренеси болушун уланта берет. Алдыбыздагы мезгилде исламофобияга каршы таасирдүү иш-чаралар жүргүзүлөт»-деди.
Дин иштери боюнча башкармалыктын акыркы жылдарда дүйнөлүк кайрымдуулук кыймылына айланганын, кызмат сапатынын да ушул түшүнүктүн айланасында формаланышы керектигин сөз кылган Гөрмез, дин иштеринин өлкө ичинде дагы өлкө тышында дагы бир топ иштерди кылып жатканын айтты.
Мусулмандар жашаган аймактын тарыхтын эң оор процесстеринен биринен өтүп жатканын баса белгилеген Гөрмез: «Эң оболу ынтымагыбызды, биримдигибизди, туугандыгыбызды ар дайым чыңдашыбыз керек жана кадамдарыбызды ошого жараша ташташыбыз керек»-деди.
Гөрмез адам оңолбостон жер жүзүнүн курула албай турганына көңүл буруп, жер жүзүндөгү баш аламандык кыймылдарынын бардыгы «реформа» деген ат менен жасалып жатканын түшүндүрдү.
Гүөрмез: «Бардык согуштар, кыйратуулар, эркиндиктерди, демократияны башка өлкөлөргө жеткирүү үчүн болууда»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар