Давутоглу Абади менен телефон аркылуу сүйлөштү

Абади Түркияга колдоосунан улам ыраазычылыгын билдирди.

277126
Давутоглу Абади менен телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу Ирактын премьер-министри Аль Абади менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Давутоглуна телефон чалган ирактык кесиптеши өлкөсүндөгү коопсуздук кырдаал тууралуу маалымат берди.
Давутоглу болсо Түркиянын Ирактын коопсуздугу, биримдиги жана жеринин бүтүндүгүн коргоо үчүн коркунучтарга каршы күрөшүүсүнө көрсөткөн колдоосун кайталады.
ДАИШ менен күрөшүү, террордук уюмдун көзөмөлүндөгү аймактарда жашаган калктын колдоосунан да пайдаланылышын, кыймылга катышкан Ирактын улуттук күчүнүн өнүктүрүлүүсүн каалаган Давутоглу куткарылган аймактарда жергиликтүү элди коргоо, бөлүнүүлөргө жол бербөө керектигин баса белгиледи.
Абади да Давутоглунун сөздөрүнө кошулганын белгилеп, Түркияга колдоосунан улам ыраазычылыгын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар