Фикри Ышык АКШда

Билим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык АКШдагы жолугушууларын баштады

272027
Фикри Ышык АКШда

Лос Анжелестеги Калифорния университетинде «Максат Түркия» деген семинарга катышкан Фикри Ышык мээ күчүнүн маанисине жана бул тууралуу демилгелерге көңүлдөрдү бурду.
Акыркы учурларда өлкө тышынан Түркияга кайтып келген илимпоздордун санында маанилүү артуу болгонун белгилеген Ышык 2007 – 2014 - жылдардын ортосунда Европа Биримдигинин 7 - алкактык программасынын негизинде 215 иликтөөчү, ТҮБИТАКтын тескерисине мээ күчүнүн жардамы менен да 330 иликтөөчү болуп жалпы 545 иликтөөчүнүн Түркияга кайтып келгенин айтты.
ТРТга атайын маалымат берген Фикри Ышык Түркиянын проектиге берген маанисин да баса белгиледи. Ышык каалаган илимпоздордун Түркияга кайтуусун жеңилдетүүнүн жана алардын өлкө шарттарына адаптация болушу үчүн керектүү материалдык жардамды берүүнү максат кылганын белгиледи. Фикри Ышык Түркияда информатика өрөөнүнүн курулганын да эске салуу менен базистик иштердин ылдам түрдө жүргүзүлүп жатканын айтты.
*** Билим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык жолугушууларынын негизинде Силикон өрөөнүндөгү компьютер музейине барды.
*** Музейде иликтөөлөрдү жүргүзгөн Ышык жана коштоосундагы делегацияга чоң экранда Google Earthдан Измит булуңунун өткөөл көпүрөсүнүн курулушу курула турган жер менен Гебзеде курула турган Муаллим Көй информатика өрөөнүнүн көрүнүштөрү көрсөтүлдү.
*** Googleдан айдоочусуз унааны да иликтеген Ышык андан кийин ''Avogy'' аттуу түрк технология фирмасына барды.
*** Американын соода палатасы берген тамакта да түрк жана Америка ишкерлери менен жолугушкан Ышык технология жана информатика фирмалары HP, Oracle, Intel, Cisco, Apple, Google, Microsoft жана Teslaга да барып жолугушууларды өткөрөт.


 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар