Зейбекчи  Европалык Түрк Демократтар Биримдиги жыйынына катышты

Зейбекчи : «Валюта курстары менен ойноп Түркиядагы ырааттуулукту бузууну каалагандар бар»

265568
Зейбекчи  Европалык Түрк Демократтар Биримдиги жыйынына катышты

Экономика министри Нихат Зейбекчи Германиянын Брауншвейг шаарында Европалык Түрк Демократтар Биримдиги тарабынан өткөрүлгөн жыйынга катышты. Зейбекчи ар тармакта маанилүү өнүгүүлөргө жетишкен Түркиянын тышкы соода көлөмүнүн 2014 - жылдын акырында 500 миллиард долларга жеткенин айтты.
Экономика министри Түркиянын ИМФнин программасына баш ийүүгө мажбур болгон бир мезгилден, ИМФге болгон карызынан кутулган жана кредит берген өлкө болгонун айтты. Зейбекчи кризис мезгилинде ИМФтин Түркиядагы кээ бир банктарды жабуу жолдомосун бергенин, бирок банктардын жабылбаганын, эми болсо банктардын кирешелүү иштеп жатканын баса белгиледи. Зейбекчи азыр күндө да пайыз лоббисинин кайрадан ишке кирүү менен бул жолу да валюта курстары менен ойногонун белгилеп экономиканын ишенимдүү колдордо экенин жана тынчсыздануунун кереги жоктугун билдирди. Нихат Зейбекчи Европадагы түрктөрдүн биримдигин сактап калуусу керектигин да сөздөрүнө кошту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар