Түркия Африкада суусуздукту чечүүгө аракет кылууда

Түркия Африкада 1 миллион 600 миңден ашуун кишини суу менен камсыздады.

266242
Түркия Африкада суусуздукту чечүүгө аракет кылууда

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) менен Токой чарба жана суу иштери министрлиги, Африкада 1 миллион 600 миңден ашуун кишини суу менен камсыздады.
Дүйнөлүк калктын маанилүү бөлүмүн камтыган Африка материги, кургактык өзгөчөлүгү болгон аянттарга ээ. Түркия кургак аянттарда экосистеманын жана биотүрдүүлүктүн корголушу, жетишсиз булактар менен жашоосун улантууга аракет кылган жергиликтүү калктын жашоосу жана өнүгүүсү үчүн атайын маани берүүдө.
Глобалдык климат өзгөрүшү менен кошо келген чөлгө айлануу процессине, жаңылыш аянт колдонуу да кошулганда экосистема ылдам бузулууда.
Түркия бардык тармакта жардамдарын жеткирген Африкада суу маселесин чечүүгө киришти.
Африкада жасалган иштердин натыйжасында Буркина Фасодо 76, Нигерде 258, Сомалиде 25, Малиде 36 жана Мавританияда 57 суу кудугу казылып, 1 миллион 643 миң 370 (1.643.370) кишиге жеткидей суу камсыздалды.
Түркия айрыкча Африка өлкөлөрүндө талаа, сугат жана климаттандырууда колдонуш үчүн шаймандарды жеткирди, берген билим берүүсү менен квалфикациялуу адис кыйынчылыгын да чечүүдө.
Түркия, 2015-2019-жылдар аралыгында Африкада 3 миллион кишиге да суу таап берүүнү пландап жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар