АКШлык жетекчилер ДАИШти сүйлөшүү үчүн Анкарага келет

Аллен жана орун басары Макгурктун Түркия да араларында болгон 4 өлкөнү зыярат кылары билдирилди

260808
АКШлык жетекчилер ДАИШти сүйлөшүү үчүн Анкарага келет

АКШнын президенти Барак Обаманын ДАИШке каршы глобалдык коалиция үчүн атайын өкүлү эс алуудагы генерал Жон Аллен жана орун басары тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары Бретт Макгурк кайрадан Түркияны зыярат кылат. Тышкы иштер министрлиги эс алуудагы генерал Аллен жана орун басары Макгурктун Түркия да араларында болгон 4 өлкөнү зыярат кылары билдирилди. 12 – мартта баштала турган зыяраттын негизинде биринчи болуп Римге бара турган Аллен жана Макугрк Италия жана Ватикан жетекчилери, террордук уюм ДАИШ менен күрөшүү тууралуу пикир алышууларда болот.
Италия жолугушууларынан кийин Түркияга келе турган Аллен жана Макгурктун жолугушуулары учурунда ДАИШ менен күрөшүүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык коалициянын аракеттери менен бирге Түркиянын коалицияга сунуштаган жардамы жана сириялык оппозициячылдардын машыктырылып, камсыздалуусуна карата демилгелер каралат. Эки тарап Анкарадан кийин Германия жана Бельгияда да жолугушууларын улантат. Бир тараптан машыктыр – камсызда долбоору менен АКШ, Сириялык оппозициячылдардын билим алуусу үчүн бирдикте кыймыл кылууда. Ушул боюнча АКШ борбордук күчтөрдүн командири генерал Ллойд Остин, Кыршехирде жолугушууларды өткөрдү. Машыгууга катыша тургандардан биринчи этапта 300 кишинин 15 - мартта Кыршехирге алып келинүүсү пландалууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар