Венгриянын президенти Анкарада

Венгер президент айрыкча Күтахяга барып Лайош Кошут музейин зыярат кылат

258887
Венгриянын президенти Анкарада


Венгриянын президенти Янош Адер расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келди. Эсенбога аэропортуна келген Адер жана коштоосундагы делегацияны Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр тосуп алды. Президент Адердин 14 - мартка чейин созула турган Түркия сапарында президент Р. Т. Эрдоган, Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Жемил Чичек жана премьер – министр Ахмет Давутоглу менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Адер жана Эрдоган эртең президенттик сарайында боло турган жолугушуулардан кийин биргелеше пресс – жыйын өткөрөт. Адердин Стамбулда Фенер Рум патриархы Варфоломейди кабыл алуусу жана өлкөсүнүн 1848 – 1849 - жылдардагы эркиндик күрөшү тууралуу иш чарада сөз сүйлөөсү да күтүлүүдө. Венгер президент айрыкча Күтахяга барып Лайош Кошут музейин зыярат кылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар