Сендай шаарында маанилүү жыйын өтөт

Сендай шаарындагы жыйында Түркияны вице-премьер-министр Нуман Куртулмуш өкүлдүк кылат.

258475
Сендай шаарында маанилүү жыйын өтөт

БУУнун Өзгөчө кырдаалдарды азайтуу боюнча 3-дүйнөлүк конференциясы 14-18-март күндөрүнүн арасында Япониянын Сендай шаарында өткөрүлөт.
190 өлкө катыша турган конференцияда Түркияны вице-премьер Нуман Куртулмуш өкүлдүк кылат.
Түркиядан Премьер-министрликке караштуу Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы, тийиштүү министрликтер, университеттер, губернаторлуктар, жергиликтүү башкаруу өкүлдөрү жана жарандык коомдук уюмдар да катыша турган конференцияда, 2015-2025-жылдарда жүргүзүлө турган Өзгөчө кырдаалдар стратегиясы документи белгиленет.
Бул учурда вице-премьер Нуман Куртулмуш сапарынын алкагында Япония, Орусия Федерациясы, Түркмөнстан, Малайзия жана Жаңы Зеландиялык жооптуулар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар