Р. Т. Эрдоган Сауд Арабстандагы жолугушууларына баа берди

Эрдоган Сауд Арабстандын Египеттеги маселелердин чечилүүсүндө дагы таасирдүү роль алуусу керектигин баса белгиледи

247655
Р. Т. Эрдоган Сауд Арабстандагы жолугушууларына баа берди

Расмий сапар менен барган Сауд Арабстан жолугушууларына баа берген президент Сауд Арабстандын Египеттеги маселелердин чечилүүсүндө дагы таасирдүү роль ойноосу керектигин баса белгиледи. Эрдоган Египетте сокку менен бийликке келген Сиси башкаруусунун калкка карата жумшак мамиле кылуусунда таасир бере турган өлкөнүн Сауд Арабстан экенин жана муну Сауд жетекчилер менен да бөлүшкөнүн айтты. Эрдоган : «Эгерде Сауд Арабстан бир кадам таштай турган болсо Египетте абал тескерисине айланышы мүмкүн»,- деди.

Өзүнөн мурда Сауд Арабстан королу менен жолугушкан Египеттин президенти Сисинин маалымат бербегенин да белгилеген Эрдоган Египет темасынын Сауд Арабстан менен карым – катнаштарга көлөкө түшүрбөшү керектигин баса белгиледи.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар