Премьер – министр Давутоглунун Португалия сапары

Премьер – министр Ахмет Давутоглунун кийинки сапары АКШ болот

247259
Премьер – министр Давутоглунун Португалия сапары

Расмий сапар менен Португалияга барган премьер – министр Ахмет Давутоглу Лиссабондо Португалиянын премьер – министри Пассос Каэлхо тарабынан расмий салтанат менен тосулуп алынды. Эки лидердин жекеме – жеке сүйлөшүүсүнөн кийин өкмөттөр аралык саммиттин биринчи жыйыны өткөрүлдү.
Түркия – Португалия ортосунда коргоо, экономика, билим берүү жана азык – түлүк коопсуздугу тармактарында келишимдерге кол коюлган саммитте Давутоглу менен Каэлхо биргелеше пресс – жыйын өткөрдү. Премьер – министр Давутоглу Түркиянын Европадан башка ойлонула албай турганын белгилеп : «Түркия өз тагдырын Түркияга каршылардын колуна таштай албайт»,- деди. Түркияга Европа Биримдиги мүчөлүгү тууралуу колдоо берген Португалиянын премьер – министри Каэлхо да өлкөсүнүн Түркиянын Европа Биримдигине кошулуусунун Европа Биримдиги жана Түркия үчүн пайдалуу болору боюнча көз карашта экенин айтты.
Премьер – министр Давутоглу берилген бир суроо боюнча Анкаранын ДЕАШтын Мусулдан чагырылуусу үчүн бардык кеңешүү процесстеринин ичинде болгонун баса белгилеп : «Ирактын Сириянын ырааттуулугу биз үчүн абдан маанилүү. ДЕАШ башта болуу менен террордук уюмдардын бул өлкөнүн жерлеринде пайда кылган коопсуздук коркутуулар Түркия үчүн да коопсуздук коркутуу болуп саналат. Мындан кийинки баскычта, азыркы учурда билдирилген операцияда же ушул кезге чейин жүргүзүлгөн кагылышуулардын тышында башка иш чара күн тартибине келе элек. Эгерде келе турган болсо Түркиянын кошо турган салымы тууралуу албетте сүйлөшөбүз»,- деди.
Португалиянын президенти Силва жана мурунку президенти жана Цивилизациялар биримдигинин жогорку өкүлү Хорхе Сампайо менен да жолугушкан премьер – министр Лиссабон борбордук мечитин жана шейит болгон түрк дипломаттарынын элесине Лиссабондо тургузулган эстеликти да зыярат кылды. Премьер – министр Ахмет Давутоглунун кийинки сапары АКШ болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар