Премьер - министр Португалия жана АКШга барат

Премьер – министр Ахмет Давутоглу 3- 7 - март күндөрү Португалия жана АКШны камтыган саякатка чыгат

240466
Премьер - министр Португалия жана АКШга барат

Премьер – министрликтин басма сөз кеңешчилигинен берилген маалыматка караганда 3 - мартта Португалияда мурунку президент жана Цивилизациялар биримдигинин алгачкы жогорку өкүлү Хорхе Сампайо менен жолугуша турган Давутоглунун андан кийин бир телекөрсөтүү каналына интервью берерин билдирди. Давутоглу Лиссабон борбордук мечитин зыярат кылгандан киийн Португалиядагы ислам коомунун өкүлдөрү менен жолугушат жана шейит дипломаттардын элесине тигилген эстеликке гүл чамбар коёт. Португалиянын президенти Кавасо Силва тарабынан да кабыл алына турган Давутоглу Португалиянын премьер – министри Педро Пассос Коэльо менен жекеме – жеке жолугушат.
Премьер – министр Давутоглу жана Коэльо 1- Түркия – Португалия өкмөттөр аралык саммит жыйынына жана бир топ эки тараптуу келишимге кол коюу аземине катышат. Андан кийин биргелеше пресс – жыйын өткөрүшөт. Давутоглу Коэльонун урматына бере турган тамактан кийин Нью – Йоркко барат. Нью – Йоркто Goldman Sachs инвесторлору менен түшкү тамактан кийин инвестор СЕОлору менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү ишке ашыра турган Ахмет Давутоглу City Bank инвесторлору менен кечки тамакта жолугушат. Премьер – министр андан кийин Америка – Түрк коомдорунун башкаруучулары менен жолугушат. Премьер – министр Давуоглу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундан кийин түрк басма сөз кызматкерлери менен жолугушат жана Bank of America жана Merrill Lynch Portfoy инвесторлору менен сүйлөшөт. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде «Эл аралык аялдар күнү» майрамынын негизинде мамлекет – өкмөт башчылары менен бирге Давутоглу да сөз сүйлөйт. Премьер – министр Давутоглу Америкадагы кээ бир мусулман коомунун өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин Америка басма сөзү менен да жолугушуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар