Давутоглунун Венгрия сапары аяктады

Давутоглунун сапарында 6 келишимге кол коюлуп, Анкара жана Будапешт «тууган шаар» болуп жарыяланды.

236437
Давутоглунун Венгрия сапары аяктады

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Венгрияга бир күндүк сапар менен барды.
Сапарында 6 келишимге кол коюлуп, Анкара жана Будапешт «тууган шаар» болуп жарыяланды.
Борбор шаар Будапештте орун алган «Гүл Баба» күмбөзүнүн рестоврациясы үчүн да меморандумга кол коюлду.
Келишимдерге кол коюлгандан кийин өкмөт башчы Давутоглу жана венгер кесиптеши Виктор Орбан биргелеше маалымат жыйын уюштурду.
Давутоглу Түркия жана Венгриянын өзгөчө карым-катнаштарга ээ болгон эки өлкө экендигин айтты.
Орбан болсо сөзүндө түрк үй-бүлө түзүлүшүнөн мактоо менен сөз кылды.
Орбан: «Суктанабыз. Түркия Европанын эң жаш өлкөсү. Үй-бүлөнүн баалуулугу Түркияда абдан маанилүү. Бул үчүн келечекке абдан ишенишүүдө. Венгрия Түркия сыяктуу жаш өлкө (калк) болсо биз да ушундай ийгиликке жетише алабыз»-деди.
Сапарда алдыга чыккан темалардан бири да экономикалык карым-катнаштар болду. Түркия-Венгрия ишкердик форумунда сөз сүйлөгөн Давутоглу: «2 миллиард доллар болгон соода көлөмүн эң кыска мөөнөттө 5 миллиард долларга жеткирүүгө жана энергетика кызматташтыгы темасында чечкиндүүбүз»-деди.
Өкмөт башчы андан соң Галиция шейиттер көрүстөнүнө зыярат кылды.
Венгриянын президенти Янос Адер тарабынан кабыл алынган Давутоглу, андан соң «Гүл Баба» күмбөзүнө зыярат кылды.
Давутоглунун Венгрия сапары Баатырлар эстелигине гүлчамбар коюу менен соңуна чыкты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар