2 аскердик учак тумандан улам кырсыкка учурады

Учактагы 4 учкуч каза болду

237258
2 аскердик учак тумандан улам кырсыкка учурады

Малатияда машыгуу учурунда 2 аскердик учак тумандан улам кырсыкка учурады. Учактагы 4 учкуч каза болду.
Малатия 7 - негизги реактив базасынан саат 18 чамаларында пландуу түрдөгү түнкү машыгуу үчүн учкан 2 РФ – 4Е чалгындоо учагы менен саат 19 чамаларында радар байланышы үзүлгөн. Байланыштын үзүлүүсү менен АФАД, УМКЕ жана саламаттыкты сактоо топтору изилдөө - куткаруу иштери үчүн аймакка жиберилди. Жандармериянын командири армиянын генералы Абдуллах Атай кырсыктан кийин Малатияга барды. Саат 20: 45 чамаларында 2 учактын тетиктери Акчадаг районунун Икинжилер жергесинде табылды. Бул кабарды коомчулукка түрк куралдуу күчтөрү жазуу түрүндө билдирди. Маалыматта : «Эки учактын тетиктерин таптык жана тилекке каршы 4 каарман учкучубуз шейит болду. Каза болгон учкучтарыбыздын үй – бүлөлөрүнө жана куралдуу күчтөрүбүз менен түрк калкына көңүл айтабыз».- деп жазылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар