Түрк армиясы менен эч ким тамашалашпасын

Чавушоглу «Сүлейман Шах» күмбөзүндөгү аскерлердин чыгарылышы үчүн жүргүзүлгөн аскердик операциядан мурдагысын жана кийинкисин түшүндүрдү.

228507
Түрк армиясы менен эч ким тамашалашпасын

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу «Шах Фырат» операциясынын эл аралык аренада жаңырганын айтты.
Чавушоглу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жаштык салаасынын облустук курултайында Сириянын Халеб шаарынын чек арасынын ичиндеги Каракозак айылында орун алган «Сүлейман Шах» күмбөзүндөгү аскерлердин чыгарылышы үчүн жүргүзүлгөн аскердик операциядан мурдагысын жана кийинкисин түшүндүрдү.
Мевлүт Чавушоглу «Брондолгон унаалар менен бардык жана аманаттарбызды алып келдик. Ал аймактагы ар кимге тийиштүү эскертүүлөрдү жасадык. Биз бүгүн кечинде (21-февраль) саат 21:00де киребиз. Аманаттарыбызды жана аскерлерибизди алып чыгабыз. Жолубузду эч ким торобосун дегенбиз. Шүкүр мындай кагылышуу болгон жок»-деп айтты.
Операциянын эл аралык аренада жаңырык тапканын белгилеген Чавушоглу: «Кантип кылганыбызды сурап жатышат. Мындан мурда Мусулдагы баш консулдугубуздун кызматкерлерин 102 күндөн кийин Улуттук чалгындоо кызматы жана тийиштүү бөлүмдөрүбүз, биз менен кошо эсептегенде бир операция менен куткарып чыкканбыз. Анда да суктанып сурашты, «кантип кылдыңар?», «бизге да жардам бергиле»-деп эми да сурап жатышат»-деди.
Операцияга байланыштуу оппозициянын мамилесин сынга алган Чавушоглу, Түркиянын ал жердеги территориясын таштап кетпегенин жана Сириянын территориясында 180 метр ары жакта жаңы территориясы болгонун баса белгиледи.
Мевлүт Чавушоглу операция үчүн эл аралык уюмдар менен тийиштүү жазышуулар жасалганын, бирок Түркиянын эч кимден буйрук албаганын, өз эрки менен операцияны жүргүзгөнүн сөз кылды.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу «Шах Фырат» операциясына байланыштуу «Эч ким түрк куралдуу күчтөрү менен тамашалашпасын. Түрк куралдуу күчтөрү кечээ кечинде (21-февралда) жөндөмдүүлүгүн дагы бир жолу бүткүл дүйнөгө көрсөттү»-деди.
Министр Чавушоглу «Сүлейман Шах» күзөт жайынын көчүрүлүшүнөн кийин АКШ, Нидерландия,Англия,Дания, Сауд Аравиянын тышкы иштер министрлери жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен өз-өзүнчө телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Чавушоглу операциядан баштап учурдагы абал туурасында пикир алмашты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар