Түрк аба жолдорунун айрым каттамдары токтоду

Жүргүнчүлөрдөн аэропортко бараар алдында каттамдар тууралуу телефон же интернет аркылуу маалымат алуулары талап кылынды.

222294
Түрк аба жолдорунун айрым каттамдары токтоду

Стамбулда эки күндөн бери таасирдүү болуп жаткан ыңгайсыз аба шарттарынын себебинен Түрк аба жолдорунун «Ататүрк» аэропортунда 18-19-февраль күндөрүндөгү ички жана тышкы каттамдарда 334 жерге учагы учпай калды.
Каттамдардын жоюлгандыгына байланыштуу Түрк аба жолдорунун интернет барагындагы жарыяда жүргүнчүлөрдөн аэропортко бараар алдында каттамдар тууралуу Башкы директорлуктан телефон же интернет аркылуу маалымат алуулары талап кылынды.
Бул учурда ыңгайсыз аба шарттарынан улам Стамбулдагы жана Бурсадагы айрым деңиз каттамдары да бүгүн (18-февраль) токтоду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар