Түркия да Йеменде элчилик ачуу иштерин токтотту

Тышкы иштер министрлиги Йеменге саякатка чыгуу боюнча да эскертүүнү жаңылады

219738
 Түркия да Йеменде элчилик ачуу иштерин токтотту

Хусилердин бийликти алуусунан кийин олуттуу жарандык согуш коркунучу чыккан Йеменде Түркия да элчилик ачуу иштерин токтотту. Элчи Фазлы Чорман жана коштоосундагы элчилик кызматкерлери Түркияга кайтышууда. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Йеменде болгон башкаруу кризиси жана ушуга карата ыраатсыздык менен коомдук митингдер жана каршы күчтөрдүн ортосундагы кагылышуулар өлкөдө олуттуу коопсуздук күчсүздүккө себеп болууда»,- деп айтылып : «Тарыхый боордоштук карым – катнаштарга ээ болгон Йемен калкы менен тилектеш болуубуз жана Йеменде тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулуктун түзүлүшүнө карата колдообуз улантылат»,- деп белгиленди.
Тышкы иштер министрлиги Йеменге саякатка чыгуу боюнча да эскертүүнү жаңылап : «Азыркы шарттарда азыр да Йемендеги жарандарыбыздан мажбур түрдөгү себеби болбогондордун өлкөдөн чыгуулары жана жарандардын бул өлкөгө барбоолору сунуш кылынууда»,- деди.
АКШ жана кээ бир Европа өлкөлөрү Сана элчилигиндеги иш чараларды андан мурда токтоткон болчу. Борбор шаар Сана сентябрь айынан бери хусилердин көзөмөлүндө. Куралдуу хуси террористтердин декабрь айында президенттик сарайды басып алуусунан бир канча убакыттан кийин биринчи болуп өкмөт, андан кийин да президенти Абдуррабу Мансур Хади кызматынан кеткен. Өлкө мурунку мамлекет башчысы Али Абдуллах Салих кызматын таштоого мажбур болгон 2011 - жылдагы көтөрүлүштөрдөн бери баш – аламан күндөрдү жашоодо.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар