Эрдогандын Externado университетиндеги кайрылуусу
Эрдоган: «Тарых парламенттерде саясий чечимдер чыгарылып, чындыкка жатпаган окуяларды чындык сыяктуу кароо менен болбойт»-деди.
Эрдоган тарыхтын эгемен күчтөр атарбынан эмес тарыхчылар тарабынан жазылышы керектигин айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Колумбиядагы жолугушууларынын алкагында Боготадагы Externado университети менен Анкара университети биргелеше уюштурган «1915-Осмон империясынын эң узун жылы» аттуу симпозиумда сөз сүйлөдү.
1915-жылдагы окуяларга токтолгон Эрдоган: «Тарых парламенттерде саясий чечимдер чыгарылып, чындыкка жатпаган окуяларды чындык сыяктуу кароо менен болбойт»-деди.
«Тарых эгемен күчтөр тарабынан эмес тарыхчылар тарабынан жазылышы зарыл»-деп айткан Эрдоган: «Жеңгендер жана башкаруучулар тарыхты туура жазышпайт жана бурмалап беришет. 1915-жылдагы окуялар жеңгендер жана башкаруучулар тарабынан жазылган тарых көз карашы менен окулду. Пропаганда, түшүнүк операциясы, ыплас саясат тарыхтын алдына чыкты»-деп айтты.
Армян дооматтарына байланыштуу архивдерди ачкандарын белгилеп, иликтенген документ санынын 1 миллиондон ашканын маалымдаган Эрдоган: «Армениянын же башка бир өлкөнүн документи бар болсо, алар дагы ачышсын. Тарыхчыларды, укукчуларды кызматка коелу. Изилдөөлөрүн саясатчыларга сунушташсын, андан кийин акыркы чечимди чыгаралы»-деди.
Армян диаспораларынын 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу абдан жаман акция жүргүзгөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Пропаганда же түшүнүк операциясын жүргүзөлү деген ниетибиз жок. Биз эскермелердин урматталышын каалайбыз. Өлкөбүзгө каршы душмандык акциясынын жүргүзүлүшүнө эч качан уруксат бербейбиз»-деген серебин салды.