Түркиянын жетекчилигинде Чоң жыйырмалык мезгили

Өкмөт башчы Давутоглу «Түркиянын жетекчилигинде Чоң жыйырмалык мезгили» аттуу жыйналышка катышты.

215125
Түркиянын жетекчилигинде Чоң жыйырмалык мезгили

Давутоглу: «Стамбулда Чакан жана орто көлөмдөгү фирмалардын (KOBİ) борборун курабыз»-деди.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Стамбулда Эл аралык финансы институту уюштурган «Түркиянын жетекчилигинде Чоң жыйырмалык (G-20) мезгили» аттуу жыйналышка катышты.
Ырааттуу өсүүдө Чакан жана орто ишканалардын маанисине көңүл бурган Давутоглу, Стамбулда KOBİ борбору курула турганын айтты.
Өкмөт башчы Түркиянын Чоң жыйырмалыктын төрагалыгынын эң маанилүү максаттарынан биринин аз кирешелүү жана өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн экономикаларын дүйнөлүк экономикага интеграциялоо болгонун баса белгиледи.
Давутоглу ачык, туруктуу жана ылдам өнүгүүнүн  акыркы мезгилде Түркиянын өзүн  далилдеген, ийгиликке жетишкен жана үлгү көрсөтө турган тармагы болгонун белгилеп өттү.
Түркиянын аймактык абалынын маанилүү экенине, жаш калкты камтыганына жана жеке менчик сектордун күчтүү болгонуна токтолгон өкмөт башчы, дүйнөлүк экономикалардын ичинде да Чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүлүшү керектигин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар