АКШ Түркиянын сунуштарын эске албагандыгы үчүн өкүнүүдө

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул моюнга алууну кесиптеши Чавушоглу менен бөлүштү.

212308
АКШ Түркиянын сунуштарын эске албагандыгы үчүн өкүнүүдө

Америка Кошмо Штаттары Сирия жана Ирак темасында Түркиянын сунуштарын эске албаганы үчүн өкүнүүдө.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул моюнга алууну кесиптеши Мевлүд Чавушоглу менен бөлүштү.
Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу бир телеканалда Америка башкаруучулугунун убагында Түркиянын сунуш жана анализдерин эске албагандары үчүн өкүнүп калгандарын, керек болсо жыйналыштарда, керек болсо эки тараптуу жолугушууларда да сөз кылгандарын айтты.
Буга Американын мамлекеттик катчысы Керринин да кошулганын белгиледи.
Террор менен күрөшүүдө кызматташтыктын маанисине көңүл бурган Чавушоглу чет өлкөлүк согушкерлердин Сирияга өтүшүнө бөгөт коюлушунун алкагында 9 миң 915 кишинин Түркияга кирүүсүнө тыюу салынганын, 1065 кишинин болсо коопсуздук күчтөрү белгилегенден кийин чет өлкөгө чыгарылганын жарыялады.
Тышкы иштер министри Чавушоглу Грециядагы жаңы өкмөткө байланыштуу Грециянын экономикалык жана саясий жактан ырааттуулукка жетишишинин, Түркия үчүн да маселелердин чечилиши жана Кипр сүйлөшүүлөрү жагынан жакшы болоорун айтты.
Кипрде рум тарабынын сүйлөшүү үстөлүнөн туруп кеткени боюнча да Чавушоглу, эң оболу румдардын чечим табууга чечкиндүү болушу керектигин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар