Түркиянын премьер министринин туризмди колдоосу

Премьер-министр Ахмет Давутоглу туризм жаатында маанилүү 2 колдоо чечимин чыгарды.

208283
Түркиянын премьер министринин туризмди колдоосу

Премьер-министр Ахмет Давутоглу “морсуз фабрика” катары билинген Түркиянын эң маанилүү тармагы туризм жаатында  маанилүү 2 колдоо чечимин чыгарды.
Адилет жана өнүгүү партиясынын парламенттеги чогулушунда сүйлөгөн премьер-министр Орусия жана Ирандан быйыл күтүлгөн туристтердин санынын азайуу ыктымалына карата көрүлгөн чараларды билдирди.
Премьер-министр: “Алдыбыздагы 2 ай ичинде туризм агенттиктердин уюштуруусу менен бул өлкөлөрдөн Түркияга келген ар бир учакка колдоо түрүндө алты миң доллардык күйүүчү май беребиз. Азыртадан каттамдардын токтотулуусунун же резервациялардын жоюлуусунун алдын алабыз. Ошентип, туризм агенттиктеринин жүгүн жеңилдеткен болобуз. Экинчиси, бул өлкөлөр менен иштеген тур операторлоруна бюджеттен олуттуу кредит алуу мүмкүнчүлүгүн беребиз,” – деди.2
Премьер-министр Давутоглу сүйлөгөн сөзүндө туризмдин маанилүүлүгүнө басым жасап, азыркы 12-13 миллиондук туристтердин санын 50 миллионго жеткирүү максатын баса белгиледи.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар