Стамбул музыка фестивалы

Быйыл 43-жолу өткөрүлүп жаткан Стамбул музыка фестивалынын программасы белгилүү болду.

208278
Стамбул музыка фестивалы

Үстүбүздөгү жылы 43-жолу өткөрүлүп жаткан Стамбул музыка фестивалынын программасы белгилүү болду.
2015-жылдын 31-майынан 29-июнуна чейин болуучу “Маданият көрүнүштөрү” темасындагы фестивалдын 2 дүйнө премьерасы менен 3 Түркия премьералары өткөрүлөт. Фестивалда симфония жана камералык оркестрлери, вокалдык концерттер, жеке концерттер болуп бардыгы 27 иш-чара өткөрүлмөкчү.
Музыка фестивалы быйыл дагы ар түрдүү мекемелерде угармандарга жагымдуу чыгармаларды тартуулайт. Быйыл алгачкы жолу концерт берилүүчү жерлердин арасында Хейбелиадагы "Айа Триада" монастыры менен катар "Айа Ирини" музейи, "Сент Антуан" чиркөөсү, "Сүреййа" операсы, Австрия маданият офиси, "Сурп ВортВотс Вородман" чиркөөсү, Иш көркөм өнөр концерттик залы, "Лютфи Кырдар" конгресс жана көргөзмө борбору жана Босфор университетинин "Альберт Лонг Холл" сыяктуу жерлерде өтөт.
Апта соңу классикалары аттуу бекер концерттер болсо музыка сүйүүчүлөр үчүн Голландия башкы консулдугунун бакчасы, "Селямичешме" эркиндик паркы, "Сакып Сабанжы" музейинин “Атлы көшк” бакчасы жана Австрия маданият офисинин бакчасы сыяктуу мекемелерде өткөрүлөт.
Стамбул музыка фестивалынын кырк үчүнчүсү Юрий Башмет, Борис Березовский, Эммануэль Хайм, Анджела Хьюитт, Пааво Ярви, Ким Кашкашьян, Патриция Копачинская, Кристиан Тецлафф, Гидон Кремер, Южа Ванг сыяктуу ысымдар, дүйнөнүн алдыңкы орундагы Лозанн Камералык оркестри, Ференц Лист камералык оркестри, Кремерата Балтика жана Берлин филармониясынын 12 виолончелисттери менен бирликте 600гө жакын жергиликтүү жана чет өлкөлүк санатчыларды күйөрмандары менен жолугуштурат.
Германиянын Бремен камералык филармония оркестри болсо фестивалдын бул жылдагы коногу катары 2 концерт берет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар