Түркияда катуу шамал
Катуу шамал 9 кишинин өлүмүнө себеп болду, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизди.
![Түркияда катуу шамал](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/3195945579feribotseferleriiptal.jpg?time=1718875398)
Түркиянын өзгөчө батыш аймактарына таасирин тийгизген катуу шамал 9 кишинин жанын алды.
Бороондун кесепетинен үйлөрдүн чатырлары учту, бак-дарактар кыйрады, автоунаалар жабыркады. Түрк аба жолдорунун кээ бир каттамдары жана грек аралдарына болгон кеме сапарлары токтотулду.
Мармарис жана Родос арасындагы кеме каттамдары 10-февраль шейшемби күнүнө чейин токтотулду.
Токтотулган сапарлар арасында Бодрум жана Грециянын аралы Кос арасындагы сапар да четте калган жок.
Мармаристе 3 күн боюнча таасирин тийгизген жана жер-жери менен кубаттуулугун арттырган шамалдын жээктеги ылдамдыгы метеорология мүдүрлүгү тарабынан саатына 60 чакырым болгону белгиленди, толкундун бийиктиги болсо 4 метрге жетти.
Стамбулда шамалдын кесепетинен пайда болгон толкундар үй жана ишканалардын суу каптоосуна себеп болду.
Саатына жер-жери менен жүз чакырым ылдамдыктан ашкан катуу шамалдын таасири бүгүн дагы кээ бир аймактарда нөшөрлүү жамгыр менен коштолот.
Шамалдын күчү болсо бүгүндөн тарта азая баштайт.