Фикри Ышык: «Лозанн келишимине баш ий»

Илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык Грецияга «Лозанн келишимине баш ий» деген билдирүү жолдоду.

206436
Фикри Ышык: «Лозанн келишимине баш ий»

Грек өкмөтүнө чакырык: «Лозанн келишимине баш ий».
Илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык Грецияга «Лозанн келишимине баш ий» деген билдирүү жолдоду.
Ышык: «Коомчулугубуз тандаган муфтийди тааныбастан, расмий муфтий дайындоонун эч кандай кажети жок»-деди.
Фикри Ышык Кожаелиде Батыш Фракия түрктөрүнүн колдошуу коомунун конгрессинде сөз сүйлөдү.
Түркияда жашаган ар бир эл катмарынын укуктарын байкагандарын баса белгилеген Ышык, Греция өкмөтүнө да билдирүү жолдоду.
Ышык: «Грециядан эң маанилүү күтүүбүз Лозанн келишимин так аткарышы. Жаңы өкмөттөн бул жааттагы күтүүбүз Лозаннда койгон колдоруна баш ийиши. Батыш Фракияга барганда өзүм көрдүм. Ал жерде биздин коомчулугубуздун тандаган муфтийин тааныбай, расмий муфтий дайындоонун эч бир кажети жок»-деген сөздөрдү айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар