Президенттик сарайдын катчысы маалымат берди

Ибрахим Калын башчылыктардын көлөкө кабинет катары иштей турганы жөнүндөгү айтымдардын жаңылыш экендигин айтты.

200748
Президенттик сарайдын катчысы маалымат берди

Ибрахим Калын маалымат жыйынында Президенттик башкаруу, Президенттиктин курамындагы башчылыктар, президенттин чет өлкөгө сапарлары жана Стамбулдагы "Тынчтык саммити" туурасында маалыматтандырды.

Президенттиктин курамындагы жаңы башчылыктарга байланыштуу маалымат берген Калын, башчылыктардын көлөкө кабинет катары иштей турганы жөнүндөгү айтымдардын жаңылыш экендигин айтты.

Президенттиктин жаңы курамында 13 башчылыкка орун берилгенин белгилеген Калын, булардын алкагынын жана кызмат аянттарынын президент Эрдогандын муктаждыктарына жараша арттырылып, кеңейтиле ала турганын билдирди.

Президенттик менен өкмөттүн ортосунда келишпестик болгону жөнүндөгү айтымдардын эч кандай орундуу жагы жок экендигин баса белгилеген Калын: "Президент Режеп Таййип Эрдоган менен премьер-министр Ахмет Давутоглунун ортосунда толук шайкештик жана толук координация бар"-деди.

Калын, президент Эрдогандын февраль айынын ичинде Колумбия, Куба жана Мексиканы камтыган Латын Америка туруна байланыштуу суроого да, "Куба сапарыбызда мечиттин пайдубалын түптөө сыяктуу абал жок, мындай нерсе программабызда жок"-деп айтты.

Президенттиктин катчысы Калын көп сандаган мамлекет жана өкмөт башчылары чакырылган Чанаккале согуштарынын 100 жылдыгын эскерүү программасына байланыштуу деталдарды да түшүндүрдү.

23-апрелде Стамбулда тынчтык саммити өткөрүлүшү пландалганын белгилеген Ибрахим Калын: "Бул саммитте бүткүл дүйнөгө "бул жентелмендер күрөшүнөн дүйнөнүн тарткан кыйынчылыктарын эске алып кантип тынчтык билдирүүсүн бере алабыз. Буга баа берилип бүткүл дүйнөлүк коомдук пикир менен бөлүшүлөт"-деди.

Ибрахим Калын президент Эрдогандын: "Бир президенттик системасы" сунушуна да баа берди.

Президенттик системага байланыштуу талаштардын жаңы эместигин белгилеген Калын, "Мунун кайрадан күн тартипке келиши табигый нерсе, алдыбызда шайлоолор бар. Бейөкмөт уюмдар бир катар иштерди жасап жатышат, биз да бул темадагы иштерди жакындан байкап жатабыз. Мунун кандай жана кантип аткарыла турганы болсо алдыбыздагы мезгилде сүйлөшө турган темабыз"-деди.

Президенттик сарайынын жакында "Күллие" (комплекс) деп атала турганын да баса белгилеген президенттиктин катчысы Ибрахим Калын, алдыбыздагы жылда конференция залы, мечит,конгресс борбору жана китепкананын курулушунун бүтүрүлүшү менен президенттик сарайдын толук күллийеге айлана турганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар